Кара-Сууда 500 адамга жумуш берген этти кайра иштетүүчү завод ачылат. Сүрөт

Облус башчысынын айтымында, учурда райондун аймагында мал союучу үч ишкана курулуп жатат. Алардын сырьесу бул заводго түшүп, даяр продукция катары экспортко чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат
2 / 3
Аталган заводду ишке киргизүү долбоорунда консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралганы айтылат
3 / 3
Облус башчы завод курулчу жерге барып 1970-жылдардагы "Кыргызстандын эти" деген брендди кайра кайтаруу ниетин билдирген.
Аталган заводду ишке киргизүү долбоорунда консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралганы айтылат.
"Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Бул ишкана айыл өкмөттүн балансында болуп, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй адамга жумуш ордун түзүү болжолдонгон. Заводду ишке киргизүүгө салым кошкон ишкерлер акционер боло алышат", — деп айтылат маалыматта.
Пресс-борбор
Кыргызстанда келерки жылы 1000 жана 500 жумушчу орундуу эки завод ачылат
Облус башчы завод курулчу жерге барып 1970-жылдардагы "Кыргызстандын эти" деген брендди кайра кайтаруу ниетин билдирген. Анын айтымында, учурда Кара-Суунун аймагында үч заманбап мал союучу ишкана курулуп жатат. Алардын сырьесу бул заводго түшүп, даяр продукция катары жасалып экспортко чыгарылат.
Азыркы тапта имараттын экологиялык талаптары боюнча корутунду даярдалууда.