Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү

Sputnik

Кечээ, 18-февралда, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Эки күнгө созулган мелдеште 10 салмак боюнча жалпысынан 239 балбан беттешти. Анын ичинен 45 спортчу 67 килограмм салмакта ат салышты.

Быйылкы чемпионат реванштар, сенсациялар менен коштолду.

Кыргызстандын 2021-жылдагы биринчилиги — күрөш күйөрмандарынын эң күткөн беттеши 60 килограмм салмактагы Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбековдун кармашы менен жыйынтыкталды. Калы Сулайманов былтыр дал ушул Жоламанды жеңип чемпион болгон. Жоламан өз кезегинде Дүйнө кубогун уткан.

Зал жарылып кетейин деди! Жоламан Калыны утуп, өлкө чемпиону болгон видео
Мелдештин жыйынтыгы менен 55 килограммда Мухаммед Абдуллаев жаш экенине карабай сенсация жаратып, эл аралык даражадагы балбандарды утуп чемпион болду. 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 63 килограммда Урмат Аматов, 67 килограммда Марлен Асикеев, 72 килограммда Шухрат Сайтазимов, 77 килограммда Акжол Махмудов, 82 килограммда Калидин Асыкеев, 87 килограммда Атабек Азисбеков, 97 килограммда Үзүр Жузупбеков жана 130 килограммда Эрлан Манатбеков чемпион аталышты.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат. Алар Олимпиадага лицензия берилүүчү мелдештерге жана Азия оюндарына катышмакчы.

 

1 / 10
Бардык жекеме-жеке кармаш бири-бирин аңдуудан башталат
2 / 10
Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков атаандашын жерден жулкуп көтөрүп кетти
3 / 10
Грек-рим күрөшүнүн чебери атаандашын төрт упайлык ыкмага чапкан ирмем
4 / 10
Биринчи бөлүктөн кийин тыныгууга чыккан спортчуну машыктыруучу эс алдырып, тактикалык көрсөтмөлөрдү айтып жатат
5 / 10
67 килограмм салмактагы балбан Амантур Исмаилов атаандашын тескерисинен алып чабуу ыкмасын жасаганы жаткан учуру
6 / 10
Ар бир упай үчүн аягына чейин кармаш жүрүп жаткан чак
7 / 10
Эл оозуна алынып калган балбан Акжол Махмудов (77 килограмм) чейрек финалдык таймашта партерден атаандашы Элбек Ураимовго каршы ыкма жасаганга даярданып жатат
8 / 10
Быйыл өткөн чемпионатта 67 килограмм салмакта 45 балбан катышып күч сынашты
9 / 10
Мелдешке калыстык кылуу үчүн Казакстандан жана Өзбекстандан эл аралык даражадагы реферилер чакырылган
10 / 10
Акылбек Талантбеков (77 килограмм салмак) атаандашы Ильгиз Билимовду көтөрүп чапканы жатат