Унутчаак болуп баратасызбы? Дарыгер себепкер ооруларды санап берди

Артериялык кан басымдын көтөрүлүп кетишинен улам кан тамырлардын начар иштеп калышы – адамды унутчаак кыла турган себептердин бири.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Унутчаактык адамдагы оорулар туурасында кабар бериши мүмкүн. Бул туурасында Евдокимов атындагы Москва мамлекеттик медициналык-стоматологиялык университетинин Терапевтикалык клиникасынын директору жана терапия кафедрасынын башчысы, профессор Аркадий Верткин айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Бул жерде унутчаактык кайсы курактагы адамда пайда болгонун — баладабы, жашы төмөнүрөөк адамдабы же улгайгандардабы, көңүл буруш керек. Эгерде картайгандарын эс тутуму начарлай баштаган болсо, ал коронавирус менен ооруган-оорубаганына карабай дарыгерге кайрылышы керек. Себеби бул өтө маанилүү симптом", — деген Верткин.
Дарыгер улгайган адамдарды унутчаактыкка алып келиши мүмкүн деген төмөнкү илдеттерди атады:
Верткин аны менен катар эле адамдын дене табынын кескин ысып кеткени, себепсиз чарчоону унутчаактык сыяктуу эле коронавирус менен ооругандыкка байланыштырган.