Чүйдө үч адам милиция кызматкерин сабаган деп кармалды

Чалдовар айылындагы эсепке алуу постундагы милиция кызматкерин белгисиз үч адам эч себепсиз сабагандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районунда милиция кызматкерине кол салууга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Задержанные по подозрению в нападении на сотрудников милиции
Билдирүүдө айтылгандай, 16-февраль күнү Чалдовар айылындагы эсепке алуу постунда милиция кызматкерине кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Таласта жаш балдар топтошуп мушташа кетишти
Окуя болгон жерге барган ыкчам топ үч белгисиз адам постто турган милиция кызматкерин сабап, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"18-февраль күнү кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Н. кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кийин анын эки шериги колго түшүүлүп, тергөө кызматына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатканы айтылды.