БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?

Тараптар 10-мартка чейин беш негизги багыт боюнча алкактык программа иштеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө сунуштоого макулдашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн-форматта жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Новиков БУУга COVID-19 пандемиясы учурунда гуманитардык жана техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.
БУУ менен өкмөт адам укуктарын жакшыртуу боюнча талкуу жүргүздү
Аны менен катар социалдык-экономикалык кризистин кесепетин жоюуга ыкчам чара көрүү маселесин ортого салган.
Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айткан.
Жыйындын соңунда тараптар 10-мартка чейин беш негизги багыт боюнча алкактык программаны иштеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө киргизүүгө макулдашышты.
COVID-19га социалдык-экономикалык жактан ыкчам чара көрүү боюнча БУУнун Алкактык программасы беш багыттан турат: