Жума күнүнө карата аба ырайы

19-февралга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы  ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +22…+24 градус болору кабарланды.