Радио

Тойматов: жер семирткичтин баасы жылдагыдан кымбат болууда

Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов жазгы айдап-себүү иштерине дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоо жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Доллардын куну өскөнүнө байланыштуу жер семирткичке болгон баа жогорулады. Бул тууралуу Жалилбек Тойматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда күн жылыган айрым аймактарда жазгы талаа иштери башталган.
"Өлкө боюнча жазгы айдап-себүү иштерине жалпы 396 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет деп илимий жактан негизделген. Ал эми жазгы айдап-себүү иштерин өткөрүп алуу үчүн 45-50 миң тонна жер семирткич керектелет. Алар өлкөгө негизинен Өзбекстан, азыраак көлөмдө Россия жана Казакстандан алып келинет. Быйыл Өзбекстанда жана Казакстанда жер семирткичти чыгарууга убактылуу чектөө коюлгандыктан бизде тартыштык жаралып калуу коркунучу бар. Анын үстүнө доллардын куну көтөрүлүп, бул дагы өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Себеби буга чейин жер семирткичтин тоннасы 210 доллардан болсо, бүгүнкү күндө 250 долларга жетти. Бул багытта тийиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорулашы ыктымал. Маселен, мурда килограммы 17-17,5 сомдон сатылса, учурда селитранын баасы 20-23 сомго көтөрүлдү", — деди Тойматов.
Ошондой эле ал учурда 11 миң тонна жер семирткич алып келинип, 2020-жылдан ашкан калдыктар менен бирге 36 миң тонна даярдалып, дыйкандарга сатылып жатканын кошумчалады.