Өзбек бийлиги "Спутник V" вакцинасын каттоого алды

Учурда Өзбекстандын атайын комиссиясы 1 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча кам көрүүдө. Препарат Россиядан тышкары 27 өлкөдө колдонулуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Өзбекстан өз аймагында каттоого алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасын Өзбекстан каттоодон өткөрүп, массалык түрдө колдонууга уруксат берилди. Бул маалыматты Россиянын түз инвестициялар фонду дагы тастыктады", — деп айтылат кабарда.
Учурда атайын комиссия 1 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча кам көрүүдө.
Препаратты 28 өлкөдө колдонууга уруксат берилди. Алар: Россия, Беларусь, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея, Тунис, Армения, Мексика, Никарагуа, Сербия, Ливан, Мьянма, Пакистан, Монголия, Бахрейн, Черногория, Сент-Винсент жана Гренадин, Казакстан.