Токмок: талаадагы камыштан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Жаратылыш кырсыгынын эмнеден келип чыгышы азырынча айтыла элек. Буга чейин ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Токмок шаарынын тушундагы камыштан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.
Кыргызстандык куткаруучулар Россияда даярдыктан өтүп келишет
Эске салсак, бүгүн, 18-февралда, Токмок шаарынын тушундагы ачык аянтта камыш өрттөнгөн. Ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.
Кырсыктын эмнеден келип чыкканы айтыла элек.