Кыргызстандын козу карынын бай өлкөлөр тонналап сатып алат

Кеп чийки, кайнатылган, тоңдурулган, кургатылган жана консервацияланган козу карындар тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан 54 тонна козу карын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Товар жалпысынан 511 миң долларга бааланды.
Кеп чийки, кайнатылган, тоңдурулган, кургатылган жана консервацияланган козу карындар тууралуу болуп жатат. Түрлөрү боюнча жалпы маалымат жок. Бирок 0,1 тонна Agaricus (шампиньон) сортун Түштүк Корея сатып алганы айтылат.
Кайсы мамлекеттер Кыргызстандан козу карын сатып алган:
Мурдагы жылы КР 400,7 миң долларга бааланган 44,3 тонна козу карын сатканы кошумчаланды.