Кыргызстанда бир жылда азык-түлүктүн баасы канчага кымбаттады. Статистика

Өткөн жылдын январына салыштырып караганда азык-түлүктүн баасы 18,5 пайызга, ал эми декабрга караганда 1,7 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети бир жылдын аралыгында (2020 жана 2021-жылдын январь айларында) азык-түлүккө болгон баа кандайча өзгөргөнү туурасында маалымат берди.
Статистикага ылайык, азык-түлүктүн наркы быйыл 18,5 пайызга кымбаттаган.
Баалар канчалык өстү (пайыз менен):
Ошол эле учурда таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.
Өткөн жылдын декабрына салыштырып караганда дагы азык-түлүктөрдүн баасы 1,7 пайызга өскөн.