Кечээтен бери 70 кишиден коронавирус табылып, бир бейтап көз жумду

Бишкекте төрт медиктен коронавирус аныкталып, алты ак халатчан дартты жеңип үйлөрүнө чыгарылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 70 кишиден табылып, 73 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жалпы 85 689 кишиден табылды.
Айыккандар:
Жуктургандардын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 525 адам дартты жеңген.
Узакбаев: жылда эле ушу маалда көп бала пневмонияга чалдыгат, дүрбөлөңгө түшпөгүлө
Оору бир сутка ичинде Бишкек шаарынан бир адамдын өмүрүн алган. Муну менен акка моюн сунгандардын саны 1 447ге жетти.
Учурда ооруканаларда 418 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 125 бейтаптын абалы оор болсо, 21 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде Бишкектен төрт медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда алты медик ооруну жеңгени айтылды.