Каны кайсы топко киргендер COVID-19га көп чалдыгары айтылды

Адистин айтымында, COVID-19га чалдыккандардын арасында каны I топко кирген адамдар аз. Ошондой эле алардын илдети жеңил өтүп, кан айлануу системасына көп таасир этпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Иликтөөлөргө караганда, коронавируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү каны II жана IV топко киргендер. Ал эми каны I топтогулар салыштырмалуу аз. Бул тууралуу Европа медицина борборунун жалпы практикалык дарыгери Анна Кулинковичке шилтеме берип "Прайм" басылмасы жазды.
Адистин айтымында, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн масштабы анчалык чоң болбогон соң так кесе бүтүм чыгарууга эрте. Бирок жалпы картинаны түшүнүүгө толук шарт түзөт.
"Жалпысынан алып караганда, COVID-19га чалдыккандардын арасында каны I топко кирген адамдар аз экен. Ошондой эле алардын илдети жеңил өтүп, кан айлануу системасына көп таасир этпейт. Каны II жана IV топтогулар катуураак ооруй турганы дагы аныкталды", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле, Кулинкович кошумчалагандай, Кытайда коронавирустан каза болгондордун арасында каны II топко кирген адамдар көп болгон.