Компьютерди талкалап кирген хакер эмнелерди көрө алат. Шок кылган видео

Мэтью Линкерттин айтымында, интернет каракчылары Orcus программасын колдонушат. Бирок 2019-жылы бул программаны иштеп чыккан адамдарга кылмыш иши козголуп, аны пайдаланууга тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. TikTok тармагынын канадалык колдонуучусу Мэтью Линкерт компьютерди талкалап кирген хакер эмнелерди көрө алары тууралуу видео жарыялап, элдин үрөйүн учурду. 
​Мэтьюнун айтымында, интернет каракчылары Orcus программасын колдонушат.
"Бул программа компьютерди алыстан туруп башкарууга шарт түзүп берет. Аны менен комьютердин ичин гана карабастан, веб-камера аркылуу жанындагы кишилерди дагы көрсө болот", — деди ал.
Ошондой эле ал паролдорду кантип билсе болорун түшүндүрдү.
Линкерттин айтымында, 2019-жылы Orcus программасын иштеп чыккан адамдарга кылмыш иши козголуп, аны колдонууга тыюу салынган. Андыктан колдонуучулар аны интернеттен издөөгө аракет кылбай эле койгону туура.
TikTok колдонуучусунун бул видеосу аны көргөндөр арасында бир топ талкуу жаратты. Айрымдар интернетти колдонуудан чындап корко баштаганын айтууда.