УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Видео

Өткөн жумада 12-февраль күнү Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү өткөнү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна учуп барды.
Аталган видео социалдык тармакка жарыяланды, аны түз эфирдин 12.15 мүнөтүнөн баштап көрүүгө болот.
Кадрдан Ташиев чогулган тургундарга иш сапарынын планын айтып берип жатканын көрүүгө болот. Анын жанында жаңы дайындалган өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев турат.
Өткөн жумада 12-февраль күнү Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү өткөнү белгиленген. Ал 18-февралда кайтып келип, дароо чек арадагы кырдаал менен таанышуу үчүн Баткенге барары айтылган.