БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы районунун борборуна жеке менчик гемодиализ клиникасы ачылды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Динара Жунусова аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, клиниканын иштей баштаганына беш күн болду. Ички шарттары заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.
"Мындай демилгени Ат-Башыдан чыккан жеке ишкерлер Адыл Кудайбергенов жана Рустам Карыбековдор колго алган. Алар эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Германиядан жети АИП (жасалма бөйрөк) аппаратын алып келип орнотушкан. Гемодиализ алууга муктаж бейтаптардын дарылоо акысын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төлөп берет. Бейтаптар күн алыс ар бири төрт саатка чейин дарыланып, акысыз тамактана алышат", — деди Жунусова.
"Диа Парк" деп аталган клиникада эки жогорку билимдүү дарыгер, эки медайым, эки санитардык кызматкер жана бир ашпозчу эмгектене турганы айтылат.
Ат-Башы районунда бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализге муктаж 10 бейтап бар. Алар буга чейин дарылануу үчүн Нарын шаарына барып турушкан.