Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат

Грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан чемпионатка өлкөнүн бардык аймагынан келген 130 балбан катышууда. Эки күнгө созула турган мелдеш кечээ башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, эки күнгө созула турган мелдеш кечээ, 17-февраль күнү, башталган.
Иш-чаранын ачылыш аземинде министр Кайрат Иманалиев белгилүү балбан Канат Бегалиевге Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамын ыйгарды. Дагы бир белгилүү балбан Каныбек Жолчубековго дене тарбия жана спорттун отличниги наамы берилген.
Грек-рим күрөшүнөн өлкө чемпионатын тейлөөгө эл аралык калыстар чакырылды
Өлкө биринчилигине катышуу үчүн республиканын бардык аймактарынан 130 балбан келген. Чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмактагы балбандар килемге чыкты.
Беттештерди тейлөө үчүн кошуна мамлекеттерден эл аралык даражадагы калыстар келген.
Мелдешти Күрөш федерациясы менен Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюштуруп жатат.