БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Ош унаа жолунда 92 миң куб метр кар атып түшүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсыктарды алдын алуу үчүн артиллериялык куралды колдонуп карды атайылап атып түшүрүү иштери Чычкан капчыгайы менен Көчкү-Булак тилкесинде жүргүзүлгөн. Жалпысынан 17-февраль күнү 92 миң куб метр кар көчкү атып түшүрүлгөн. Көчкүнү атайылап түшүрүү үчүн 28 снаряд атылып, бешөө жарылбай калган.
Кеч киргендигине байланыштуу көчкү түшүрүү иштери аяктаган, бүгүн кайрадан улантылганы кабарланды.
Соңку эки күн ичинде 38 даана снаряд атылып, жалпысынан 113 миң куб метрден ашык кар көчкү түшкөн.
Коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктын алдын алуу максатында жасалып жаткан иштер 20-февралга чейин уланмакчы.