Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланууда

Бөрүбашов 10-январдагы референдумдун жыйынтыгына ылайык мамлекет башчыга көбүрөөк укук берилгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жаңы Конституцияны демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулап жатат.
Садыр Жапаров: жаңы Конституция кабыл алынса, үч күч бир тартипке түшөт
10-январдагы референдумда эл президенттик башкарууну тандаганын, ошого ылайык мамлекет башчыга көбүрөөк укук берилгенин айтты.
Ошондой эле Бөрүбашов жаңы долбоордо эл бийлиги бекемделгенин белгиледи.
Учурда эл өкүлдөрү Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө суроолорун узатып, сунуштарын берип жатат. Жыйынды депутат Нурбек Алимбеков алып барууда.