Депутаттар "Кумтөрдүн" ишин текшере турчу комиссия түздү. Курамына киргендер

Депутат Дастан Бекешевдин комиссиянын негизги максаты боюнча берген суроосуна төрага Талант Мамытов жана башка депутаттар жооп беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия түзүлдү.
УКМК: Абылгазиев Кумтөр боюнча эл кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон
Башында комиссиянын курамына ар бир партиядан бирден өкүл киргизүү сунушталган. Бирок бир катар депутаттардын нааразычылыгынан улам комиссияны пропорционалдык принцип менен түзүү чечими кабыл алынды.
Депутат Дастан Бекешев комиссия түзүүнүн негизги максаты эмнеде экенин сурады. Буга төрага Талант Мамытов жана башка бир нече депутат жооп берди.
"Менин түшүнгөнүм боюнча комиссиянын максаты — Кумтөр боюнча бардык маселелерди көтөрүү. Буга чейин биз 16 гектар жерди өткөрүп берүү боюнча маселени көтөргөнбүз, бирок өкмөт буга карабастан жерди берип салган. Мындан сырткары, компания мөңгүлөрдү талкалагандыгы үчүн айып салынган. Бирок кийин иш жабылып калды. Туура, комиссия иштеши керек", — деди Максат Сабиров.
Эл өкүлү фракциянын чечимин окуду. Анда компаниянын эрежени сактаган-сактабаганын карап чыгуу зарылдыгы жазылган.
Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:
Комиссиянын курамын жактырып 71 парламентарий добуш берсе, бир депутат каршы чыкты.