Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда эле айткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын дагы билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Ысык-Көлдө Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.
Ал гидроэнергетика боюнча конгрессте сөз сүйлөдү.
"1100 мегаватт кубаттуулуктагы Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Акунов.
Бирок ал сүйлөшүүлөр ким менен кандай шартта жүргүзүлүп жаткандыгын так айткан жок.
КРде ГЭС курууга алынган лицензияны башкага сатып ийүүгө тыюу салуу сунушталды
Эске салсак, бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда айткан. 2006-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталгандыгы айтылган. Аталган каскадда өндүрүлгөн электр энергиясы Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районуна жеткирилет деп болжолдонгон. 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды аталган долбоор менен иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын айткан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эң ири болуп Токтогул ГЭСи саналып, анын кубаттуулугу 1200 мегаваттка жетет.