УКМК кызматкеримин деп элден акча өндүрүп жүргөн киши аныкталды

К.у.А. аттуу киши жабырлануучуларды ири компанияларга жумушка орноштурам деп көп суммадагы акча алган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну К.у.А. өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, элден акча алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну К.у.А. өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, элден акча алып жүргөнү аныкталды
Ага ылайык, К.у.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болуп, жабырлануучуларды ири компанияларга жумушка орноштурам деп алдап, көп суммадагы акча алып жүргөн.
1 / 3
К.у.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болуп, жабырлануучуларды ири компанияларга жумушка орноштурам деп алдап, көп суммадагы акча алып жүргөн
2 / 3
Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилери айтылат
3 / 3
Учурда К.у.А. жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берген. Тергөө иш-чаралары улантылууда.
Анын унаасын тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкеринин күбөлүктөрү, ЖКнын мөөрү жана имаратына кирүүчү документ, Россиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Россиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган жана колу коюлган Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, ошондой эле уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып, алынган.
УКМКда иштейм деп ТЭЦтен темир түтүк алып чыкмакчы болгон жигит кармалды
Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилери айтылат.
Учурда К.у.А. жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берген. Тергөө иш-чаралары улантылууда.
УКМК бул жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды 03922 51180 (облустук башкармалык) номерине же 0312 660475 (нөөмөт кызматы) номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.