Суусамырдагы гидроэлектр станциясынын техникалык негиздемесин түзүү пландалууда

Улуттук энергетикалык холдингдин өкүлү эки ири ГЭС каскадынын ири долбоорлору тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкаруучулугунун төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.
Ал Ташкентте өткөн "Гидроэнергетика: Борбор Азия жана Каспий" аттуу эл аралык конгресс жана көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү.
"Суусамыр-Көкөмерен ГЭСинин кубаттуулугу 1 305 мегаваттка жеткидей кылып техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүнү пландап жатабыз", — деди Акунов.
Ошондой эле ал Казарман ГЭС каскады боюнча дагы кеп козгоп, бирок негиздеме түзүлгөн-түзүлбөгөнүн тактаган жок.
Белгилей кетсек, 2011-жылы Кыргызстан кытайлык компания менен Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына ГЭС куруу боюнча протоколго кол коюуну пландаган.
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Беш жыл мурун Улуттук энергохолдингдин презентациясында ГЭСтердин төмөнкү параметрлери айтылган:
Суусамыр-Көкөмерен каскады — жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватты түзгөн үч гидроэлектр станциясы бир жылда болжол менен 3,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт (баасы — 3,3 миллиард доллардан ашык).
Казарман каскады — жалпы кубаттуулугу 1 160 мегаваттка жеткен үч станция бир жылда болжол менен 4,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.