Жапаров Максат ажынын ордун бирөөгө убадалаганбы. Президенттик аппарат жооп берди

Аудио жазылмада белгисиз киши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ага муфтийдин ордун убадалаганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Максат ажы Токтомушевдин кызматтан кетишине өлкө жетекчилигинин эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка аудио жазылма тарады. Анда белгисиз киши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ага муфтийдин ордун убадалаганын айткан. Ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов менен дагы башка адамдар Максат ажыны мыйзамсыз негизде кызматтан алып салганын белгилеген.
"Соцтармакка тараган аудио жазылмадагы маалымат чындыкка дал келбейт. Ал чагымчыл мүнөздөгү материал. Садыр Жапаров экс-муфтий Рахамтулло Эгембердиев менен жолуккан да эмес, убадалаган да эмес!" — деди Байтерек.
Президенттин маалымат катчысы кайсы бир күчтөр коомчулукту дүрбөлөңгө салууга кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.

Экс-муфтийдин иши

Экс-муфтий Максатбек Токтомушев элге кайрылуу жасады. Видео

10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган.

Ушул эле күнү муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушев кармалганын УКМКдан билдиришкен. Андан соң баш коргоо чарасы тандалып, Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган.