Касымалиева: жаңы Конституцияда президентке импичмент жасоо такыр мүмкүн эмес

Конституциялык кеңешменин төрагасы эгер депутаттар татыктуу сотторду тандаса, маселе жаралбай турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Конституциянын жаңы долбоорунда реалдуу түрдө президентке импичмент жарыялоо такыр мүмкүн эмес. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева жаңы Баш мыйзамды Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуулоо учурунда билдирди.
Касымалиеванын айтымында, мамлекет башчыны кызматтан алууга, биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы (45 добуш) макул болушу керек. Экинчиден, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун корутундусу керек.
"Биздин реалдуулукту алганда мындай такыр эле мүмкүн эмес. Себеби башкы прокурор менен Конституциялык соттун төрагаларын президент дайындайт. Демек, мында бийлик бутактарынын балансы сакталбайт", — деди Касымалиева.
Баарыбызды камап койбосун. Депутат Конституцияны шашпай кабыл алууга чакырды
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов сотторду тандоо укугу ЖКдан алынбаганын, эгер депутаттар татыктуу сотторду тандаса, анда маселе жаралбай турганын билдирди. Анын айтымында, эгер президент мыйзам бузса, соттордун жана парламенттин ишине кийлигишсе, кызматтан алынат. Андан соң Башкы прокуратура күнөө коюп, Конституциялык сот мыйзамдуулугун карап бере турган жобо бар.