Эки жолу ПЦР-тест тапшырып... Кыргызстандык студенттер Россияга кантип барышы керек

Роспотребнадзор мекемесинин жаңы талаптарына ылайык, эми Россияда окуган башка өлкөнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар дагы бир эмес эки ирет ПЦР-анализ тапшырууга милдеттүү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФте окуган чет элдик студенттер өлкөгө кантип кирсе болорун түшүндүрүп берди.
"Роспотребнадзор мекемесинин жаңы талаптарына ылайык, эми Россияда окуган башка өлкөнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар дагы учарга чейинки акыркы 72 саат ичинде жана Россия аймагына киргенде алгачкы 72 саатта коронавируска тест тапшырышы керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Россиялык ЖОЖдорго тапшыруу 5 эсе жеңилдеди. Абитуриенттер үчүн суперсервис
Россияда студенттер экинчи ПЦР-тесттин жыйынтыгын алмайынча обочолонуп турушу керек.
"Студенттер окууга эки ПЦР-тесттин тең жыйынтыгын көрсөткөн соң гана киргизилет”, — деп айтылат кабарда.
Учурда кыргызстандык студенттер Россияга Бишкек — Москва багыты боюнча түз каттамдар менен жетип алса болот.