15 үй, 19 унаа... Кримтөбөл "Дженго" мүлкүн кантип адалдаштырганы аныкталды. Сүрөт

Кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досоновго былтыр эле издөө жарыяланып, жакын арада кармалып эки айга камакка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов мыйзамсыз кирешелерин адалдашырган деп жаңы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
1 / 7
"Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов мыйзамсыз кирешелерин адалдашырган деп жаңы кылмыш иши козголду
2 / 7
Атайын кызмат Досонов мурда бир нече жолу соттолгонун жана эч жерде иштебей турганын, анын ичинде бизнеси жоктугун белгилеп өттү
3 / 7
Кримтөбөлгө карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган
4 / 7
Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди
5 / 7
Тергөө жүрүп жатат
6 / 7
Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов 12-февраль күнү эки айга камакка алынган
7 / 7
Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган.
Атайын кызмат Досоновдун мурда бир нече жолу соттолгонун жана эч жерде иштебей турганын, анын ичинде бизнеси жоктугун белгилеп өттү.
"Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы аныкталды. Ошондой эле бир катар курулуш компанияларын да каржылап келгени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Кримтөбөлгө карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кримтөбөл "Дженгонун" кармалган видеосу жарыяланды
Учурда УКМК тарабынан анын акча каражатынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди. Тергөө жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов 12-февраль күнү эки айга камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.