Бишкекте эки киши көз жумуп, жалпы 55 адам СOVID жуктурду. Статистика

Акыркы суткада Жалал-Абад облусунда гана COVID-19 жуктургандар болгон жок. Ал эми Бишкек менен Чүйдө ооругандар азая элек.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 61 киши коронавирустан айыкты, ошол эле учурда 55 адам илдет жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Кыргызстан боюнча сакайгандардын саны 82 452ге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Пандемиядан бери 85 619 адамдан коронавирус чыкты.
Тилекке каршы, COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки киши көз жумду. Ушуну менен дартты жеңе албай калгандардын саны 1 446га жетти.
Учурда стационарда 410 бейтап дарыланууда. Алардын 265сы орто, 123ү оор, 22си өтө оор абалда.