Баарыбызды камап койбосун. Депутат Конституцияны шашпай кабыл алууга чакырды

Эл өкүлү 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо референдум өткөрүү туура эмес экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов жаңы Конституцияны кабыл алууда парламентте чоң жоопкерчилик бар экенин эскертип, кесиптештерин эч жакка шашылбоого чакырды.
Эл өкүлү жаңы Конституцияны кабыл алууда ар бир окуунун ортосундагы эки айлык мөөнөттү сактоону талап кылды.
"Азыр жашоо-турмуш өзгөрүп кетти, мурда президент, премьер-министр камалат деген түшүнүк жок эле. Азыр баары камалып атат. Кийин дагы бир күчтүү бийлик келсе "Конституцияны туура эмес иштеп чыгып, регламентти бузуп кабыл алып койдуңар" деп депутаттардын баарын камап койбосун. Ошон үчүн мыйзамдын негизинде кабыл алышыбыз керек. Биринчи окууда кароого эки ай берилдиби, ошол норма менен бекитишибиз керек. Өкмөт шашып атат, депутаттар буга чейин көп эле нерсеге макул болуп келдик. Азыркы Баш мыйзамга Текебаев күнөөлүү дегендей, кийин биз дагы күнөөлүү болуп калышыбыз мүмкүн", — деди Нурдинов.
Ошондой эле депутат референдумду 11-апрелде жергиликтүү шайлоо менен кошо өткөрө салуу президент же өкмөт үчүн туура болушу мүмкүн экенин, бирок эл үчүн туура эмес деген пикирин билдирди.
Учурда жаңы Баш мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулап жатат.