Бишкектеги борбордук мечиттин 3D форматындагы ички-тышкы көрүнүшү жарыяланды

Борбордук мечиттин заманбап 3D форматтагы ички жана тышкы көрүнүшүн интернетке киргизүү Virtual Tour KG чыгармачыл бирикмеси тарабынан жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкектеги имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин ички жана тышкы көрүнүшү заманбап 3D форматында Google Maps аркылуу интернетке жүктөлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, аталган эмгек Virtual Tour KG чыгармачыл бирикмеси тарабынан жасалган.
Борбордук жаңы мечит ичинен кандай көрүнөт. Сүрөт
Бүгүн, 17-февралда, муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев чыгармачыл бирикменин өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга ыраазычылык баракчасын тапшырган.
Бирикменин өкүлдөрү Денис Будыло, Вадим Березин, Александр Притеев жакынкы айларда Каракол шаарынын борбордук мечитин 3D форматында жасашып, интернетке жүктөө пландары бар экенин айтышкан.