Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна канча акча сарпталары белгилүү болду

БШКнын дүйшөмбү күнү өткөн отурумунда 11-апрелде болчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна корой турчу чыгымдын суммасы бекитилген. Эгер референдум дагы ушул күнү өтсө, анда кошумча акча бөлүнүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 425 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, БШКнын 15-февралда өткөн отурумунда чыгымдардын болжолдуу эсеби бекитилген.
"Бул сумма шайлоо өтө турган аймактардагы добуш берүү тилкелерин жана бюллетендерди даярдоого, аларды жеткирүүгө жана шайлоочулардын тизмелерин чыгарууга жумшалат", — деди Бекматов.
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга арыз берген партиялар. Тизме
БШК төрайымынын орун басары белгилегендей, эгерде жергиликтүү кеңешке шайлоо менен Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум чогуу өтө турган болсо, жогорудагы чыгымдардын суммасы дагы көбөйшү мүмкүн.
"Эгер референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүү сунушу колдоо тапса, анда бюллетендерди даярдоо жана аларды жеткирүү сыяктуу жумуштар үчүн дагы акча бөлүнөт", — деди ал.
Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген.