Sputnik Кыргызстан КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын турмуштук ойлорун, накыл кептерин тартуулайт.
Миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып, театрымды жакшы абалга жеткирейин, өтүп кетсем артымда жолумду жолдогон окуучуларым болсун дейм. Ошолорго пайдалуу бир нерсени окутуп кетсем дейм, билгендеримди үйрөтсөм деген максатта жүрөм.
Кыймылды жакшы көрөм. Жашымдан тарта ден соолукка көз салып, тамакты ченеп, тандап ичтим.
Негизи карылыкка даярданыш керек экен. Карылык күрөш болот турбайбы. Алсырап, бүкчүңдөп калыптыр дешпесин деп өзүңдү чыкыйган бойдон алып жүргүң келет. Бирок жакшы жери — улгаюу менен кошо акылмандык келерин билдим.
Адам баласынын натурасын көр, жамандыкты көтөрөсүң, ал эми жакшылыкка чыдабайсың. Адам кээде өзгөрүп, көөп кетет. Бирок Кудайыңды таанып, ыйманды ала жүрүш керек тура.
Менде бир чоң сүйүү пайда болду. Аларды көчөдөн көрсөм да ушунчалык жакшы көрүп кетем, жакын турсам башынан сылап, өөп жиберем. Бул – наристелерге болгон сүйүү. Эмнеден улам пайда болгонун так айта албайм. Же неберелеримден, эң кенже неберем Сезимден уламбы, түшүнбөйм.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова: Миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып, театрымды жакшы абалга жеткирейин, өтүп кетсем артымда жолумду жолдогон окуучуларым болсун дейм.
© Sputnik / Нургуль Максутова
Жалпысынан карасаң, акыл калчап, ой сермесең, турмуштун өзү трагедия да. Адам көз жумарда жылуу төшөккө жатып алып, "кошкула, мен өлүп бара жатам" деп кетпейт экен. Акыркы сапарга аттанганда көпчүлүгү кыйналып, кыйкырып жатып анан узайт тура. Мен ошолорду ойлойм, анан адамдарга боорум ооруйт.
Оорудан корком, балам. Албетте, ажал чындап келсе эч кимдин, дарыгерлердин да алы жетпейт. Эми бул ар бир адамдын башына түшө турган табигый нерсе. Ар бирөөбүз жоготууга учурайбыз. Муну күтүш керек. Андан көрө жанагы массалык өлүм алып келген чоң азаптар болбосун дейли. Суу ташкындап, жер чайпалып, эл ичине дабасыз дарт жайылбасын.
Бир мезгилде картаясың, калчылдап басып калсаң, эмне кылыш керек, ыйлап жатып аласыңбы? Бир күнү ичер сууң түгөнөт, ага деле баш ийип, кулдугум бар деп моюн сунуп бериш керек экен. Иши кылып, адам баласынын жашоосу бир карасаң, жогоруда айткандай, трагедия.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова: Чынымды айтсам, ургаачылардан дос күткөн жокмун. Аял кишиде майда нерсе арбын болот, өйдө-төмөндү көп уккам. Капаланып, жүрөгүм ооруп, ызам ичимде калгандыктан алысыраак жүрөйүн деп чечкем.
© Sputnik / Нургуль Максутова
Тереңимде өзүмдү эч кимге жамандык жасаба деп тарбиялайм. Бирөө мага жамандык кааласа "аны кечирип кой, көкүрөгүңө кек жыйнаба" дейм өзүмө-өзүм. Себеби жаза тээ өйдө жактан болот (сөөмөйү менен асманды көрсөттү — ред.). Бирөөгө жаман айтуу, каргыш кылуу түшүмө кирбейт.
Жакшылыкка абдан ишенем. Эгерде сезе билсек, кубаныч биздин турмушубузда абдан көп да. Үй-бүлөң менен жаркырап отуруп, жакшы тамак жасап, чай куюп, маңдайыңда жаркылдаган балдарың отурса — ал кубаныч. Балаң төрөлүп, бооруңа кыссаң — андан өткөн магдыроо жок. Небере жыттап, аны эркелетип отурганга... сөз жетпейт. Биринчи сүйүүң — кубаныч, жакшы адамдар менен жолукканың — кубаныч. Айтор, эгер кааласак, жашообузду кубанычка бөлөгөн ирмемдерди четтен табабыз.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова: Менде бир чоң сүйүү пайда болду. Аларды көчөдөн көрсөм да ушунчалык жакшы көрүп кетем, жакын турсам башынан сылап, өөп жиберем. Бул – наристелерге болгон сүйүү.
© Sputnik / Нургуль Максутова
Бирок чынымды айтсам, ургаачылардан дос күткөн жокмун, көбүнчө эркектер болду, себеби алардын ою жана бараткан багыты меникине окшош. Чыгармачыл досторум болду, ал эми турмуштук жактан пайда издеген дос күтпөдүм. Аял кишиде майда нерсе арбын болот, өйдө-төмөндү көп уккам. Капаланып, жүрөгүм ооруп, ызам ичимде калган да, андан көрө алысыраак жүрөйүн деп чечкем.
Адам канааттанып токтоп калса, ал жакшы эмес. Адам ар дайым кыймылда болуп турат эмеспи. Ишке ашпай калгандарын аткарганга, жетпей калганына жеткенге аракет кылып жүрүп отурат эмеспи.
Ар дайым алдыга умтулуп,
Издөөнүн жолунан кетпедим.
Бир далай кырларга чыксам да,
Эң бийик чокуга жетпедим.
Умтулсам, от болуп жагылып,
Кулаймын кум менен агылып.
Жетпесем жетпесмин, а бирок,
Өтөрмүн чокуну сагынып.
Негизи ойдогудай, телегейиң тегиз болгон жашоо болбойт экен да. Бирок адамзаттын табияты ушундай окшойт, кыялдарыңа умтула бересиң...