БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын сөөгү эртең, 17-февралда, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.
Атактуу актриса менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 10:00дө башталары айтылды.
Шейшембиге караган түнү кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурап, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан улам дүйнө салды.
Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырганы менен табиятынан берилген шык, талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.
Актриса 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган.
Жамал Сейдакматова былтыр ушул маалда "Sputnik Кыргызстандын алтын фонду" рубрикасынын каарманы болду эле. Эл артисти соболдорубузга бирде жылмайып, бирде муңайып, кээде күйүп-бышып, дагы бир учурда ойго батып жооп берген. Бул анын соңку маектеринин бири болуп калды.