60 миң сом пара алган. УКМК Эсеп палатасынын инспекторун кармады

УКМКнын маалыматына караганда, инспектор Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара талап кылуу жана алуу боюнча шектүү катары Эсеп палатасынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара талап кылуу жана алуу боюнча шектүү катары Эсеп палатасынын кызматкерин кармады
"15-февраль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспекторун кармады", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, инспектор Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын аларга ыңгайлуу кылып жазып бергендиги үчүн айыл башчысынан 60 миң сом акча алган.
Шектүү Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.