Каршы тилкеге чыгып кеткен. Сузакта эки унаа кагышып, эки киши каза болду

Окуя кечээ, 15-февраль күнү, түш ченде Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун Жалгыз-Жаңгак айылында катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында катталган жол кырсыгынан эки киши каза болду. Маалыматты Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында катталган жол кырсыгынан эки киши каза болду
Окуя кечээ, 15-февраль күнү, саат 14:00дөр чамасында Казарман — Жалал-Абад жолунун 24-чакырымында болгон.
"Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан айдоочу аял каршы тилкеге чыгып, бет маңдайында келе жаткан Honda Fit менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Fit унаасынын 60 жаштагы айдоочусу жана 74 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми Daewoo унаасынын 31 жаштагы айдоочусу оор абалда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Каза тапкандар Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургундары болгон.
Ал эми 31 жаштагы айдоочу учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат жана төрт баланын энеси экени айтылууда.