Фирмасын селсаяктарга каттаган. Финпол коррупциялык схеманы жок кылды. Сүрөт

Кылмыштуу топ башка мамлекетке көчүп кетип жаткан жарандарды, психикалык жактан оорулууларды жана селсаяктарды пайдаланганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашырып келген коррупциялык схеманы аныктап, жок кылды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Аталган топтун ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргызстанга салык төлөбөй ташып киргени айтылат.
Финполдун маалыматына ылайык, кылмыштуу топ бийлик өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып башка мамлекетке көчүп кетүүгө камынган жарандарды, психикалык жактан оорулууларды жана селсаяктарды пайдаланган. Бул адамдарга 20-30 миң доллар берүүнү убадалап, алардын атына өзүлөрүнүн фирмасын каттаткан.
"Аталган фирмаларга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн элдик керектөөчү товарлар ири көлөмдө ташып келинип, бирок тийиштүү салыктар төлөнгөн эмес. Мыйзам боюнча импорт товарлары үчүн фирма ээси салык төлөшү керек. Бул учурда фирманын жасалма түрдө катталган ээлери жоголуп кетет да, чыныгы ээлерине жоопкерчиликтен качууга шарт түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча 13-февраль күнү аталган кылмыштуу схеманын башкы уюштуруучусу делген А.А. аттуу жаран кармалган
Бул факт боюнча 13-февраль күнү аталган кылмыштуу схеманын башкы уюштуруучусу делген А.А. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда тандалып, Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген. Ал тергөө бүткөнгө чейин камакта болору айтылат.
Финпол: "Караван" соода борборунун аянтчалары ижарага ит бекер берилип турган
Кармалган жарандын үйүн жана автоунаасын тинтүү учурунда Казакстан, Россия компанияларынын мөөрлөрү, бухгалтердик документтери, КР жаранынын паспорту, ошондой эле ири суммадагы акча табылган.
Ошондой эле Финпол бул коррупциялык схеманы жок кылуу жагымдуу климатты жана бизнес өкүлдөрүнүн бирдей шарттагы атаандаштыгын түзөрүн белгилейт.
Аны менен катар учурда экономикалык коопсуздукту, анын ичинде бизнести коргоого багытталган иштерди жигердүү алып барып жатканын эскертти.