Ачык кийинбе, арткы фонду кара. Өкмөт онлайн-жыйындагы дресс-кодду бекитти

Регламентте арткы фондун тыкандыгы, аткаминердин кийген кийиминин иштиктүү стилде болушу, микрофонду колдонуу эрежелери камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өкмөттүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц байланыш режиминде өткөрүүнүн регламенти иштелип чыкты.
Аны министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
Аталган буйрукка биринчи вице-премьер Артем Новиков 25-январда премьер-министрдин милдетин аткарып турган учурунда кол койгон.
Регламенттин жалпы жобосунда жабык эшик артында талкуулоо талап кылынган маселелерди кароодо видео-конференц байланыш системасы пайдаланылбай турганы белгиленет.
Дресс-коддун талаптары:
Дресс-код. Ак үй менен өкмөткө эмне кийип барууга болбойт?
Микрофонду зарыл учурда гана күйгүзүп, керек болбогондо токтоосуз өчүрүп коюу эрежеси камтылган.
Регламентти толугу менен Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырылган документтен окуй аласыздар.