АКШ жаңылды: Новак "Түндүк агым – 2" дээрлик даяр болуп калганын айтты

АКШ жаңылып алды. Вашингтондун санкциясына карабай "Түндүк агым – 2нин" 95 пайыздан ашыгы даяр. Долбоордун бүтө жаздап бара жатканы боюнча мындай бааны Россиянын вице-премьери Александр Новак билдирди.
Sputnik
Анын айтымына караганда, газ кууру кандай болгон күндө да иштеп кетет, себеби долбоордун катышуучулары буга кызыкдар.
"Түндүк агым – 2" газ куурунун эки тармагынын Россиядан Германия Балтика деңизи аркылуу өтүшүн шарттайт. Алардын кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр газ. Долбоорго россиялык "Газпром" жана европалык бир катар компаниялар катышууда. АКШ "Түндүк агым – 2" башталгандан тарта ага караманча каршы чыгып келет. Эмне үчүн Вашингтон газ куурунун курулушун үзгүлтүккө учураткысы келгендиги боюнча Новактын айткан пикирин биздин видеодон билсеңиз болот.