Гүланда, уул-кызың күтүп жатат. Нарында 40 жаштагы аялга издөө салынды. Сүрөт

40 жаштагы Гүланда Аманалиева былтыркы жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кеткен. Анын Ат-Башы районунун Калинин айылында туулганын жана Кочкор районунун тургуну экендигин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Нарын облустук милициясы төрт айдан бери табылбай жаткан Гүланда Аманалиевага издөө салып, көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Нарын облустук милициясы төрт айдан бери табылбай жаткан Гүланда Аманалиевага издөө салып
Тартип коргоо органдарына аялдын туугандары арыз менен кайрылган.
Маалыматта 40 жаштагы Аманалиева Гүланда Аскаровна былтыркы жылдын 30-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Анын Ат-Башы районунун Калинин айылында туулганын жана Кочкор районунун тургуну экендигин билдиришти.
"Гүланда, эгер окуп жаткан болсоң үйгө кайрылып кел, үйдө кичинекей уул-кызың куса болуп күн санап күтүүдө. Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерге кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз. 0707803970", — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.
Аманалиеванын узун сары куртка, ак бут кийим кийип, башына кызыл жоолук салынып, кызыл спорттук шымчан чыгып кеткендигин айтышты. Бою 160-165 см., узундугу ийинине жеткен кара чачы бар экенин кошумчалашты.