Чет өлкөлүк компаниялар менен иштешкен ишканалардын санын көбөйтүү керек. Анткени эл аралык компаниялар өлкөгө көп киреше алып келет. Мындай пикирин Айбек Сапашов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, кыргызстандык IT-адистердин чет элдик ири компаниялардын долбоорлорун ишке ашырууга билими жетиштүү боло баштады. Бирок андай адистер абдан аз.
"Кыргызстанда IT тармагынын абалы дүйнөлүк тенденцияга салыштырмалуу ортодон төмөн. Себеби бизде IT-компаниялар дээрлик жок. Чет өлкөлүк компаниялар менен иштешкен ишканалар да өтө эле аз. Эл аралык компаниялар менен иштешкенде өлкөгө киреше көп кирет. Европа, АКШдагы жумуш баасы жогору жана долбоорлор заманбап технологияларга дал келгендиктен өнүгүүгө да өбөлгө түзөт," — деди Сапашов.
Ошондой эле адис жергиликтүү IT-компаниялар эл аралык аренада эмес, өлкө ичиндеги буюртмаларды гана алып жатышканын белгиледи.