БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бир сутка ичинде 48 кишиден коронавирус табылып, 85 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID-19 илештиргендердин саны өлкөдө жалпы 85 564кө жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 82 391 болду.
Өткөн суткада оору эки адамдын өмүрүн алган. Анын бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө каза тапты.
Азыркы учурда стационарларда 420 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 115 бейтаптын абалы оор болсо, 29у өтө оор абалда деп бааланууда.
Бир сутка ичинде аталган вирусту жуктурган медиктер катталган эмес.