БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир суткада 32 бала пневмония менен келип түштү. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга аталган оорукананын директору Камчыбек Узакбаев тастыктады.
Буга чейин Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдромуна окшош оорунун белгилери аныкталган. Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек.