БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Биткоин 49,7 миң долларга жетип тарыхый рекорд койду. Бул тууралуу РИА Новости алып-сатуулардын акыркы маалыматына таянып жазды.
20дан ашык биржадагы орточо бааны эсептеген CoinMarketCap порталындагы маалыматтарга караганда, эң популярдуу криптовалютанын наркы 5,43 пайызга жогорулап, башкача айтканда, 49 605 долларга жеткен.
Алып-сатуунун көлөмү боюнча алдыда турган Binance биржасында Бишкек убактысы боюнча саат 10:30га карата биткоиндин баасы 5,74 пайызга жетип же 49 541 долларга чейин барган. Андан бир мүнөт мурда эле көрсөткүч 49 998 долларга жеткен. Динамика бир сутка ичиндеги өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
Жекшемби күнү биткоин 49 707 долларды түзүп турган. Бирок анын баасы арзандап сегиз пайызга чейин түшүп кеткен эле.