Министр Бейшеналиев Пакистанда КР ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарууну талкуулады

Министр пакистандык кесиптеши жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга жумушчу сапары менен барып, Кыргызстандын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун ортого салды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
1 / 3
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга жумушчу сапары менен барып Кыргызстандын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун ортого салды
2 / 3
Бейшеналиев аталган өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушту
3 / 3
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашкан.
Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илим-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашкан.
Ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселеси да каралганы айтылат.