Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси карала баштады

Премьер-министр Улукбек Марипов бийлик Баткенде жашап жаткан жарандарга жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Кечээ күнү Баткен облусунун жетекчиси алмашты. Өкмөттүн өкүлү болуп эл арасында "комиссар Каттани" деп таанылган Өмүрбек Суваналиев барды. Ал киши тапшырмаларды так аткарат деп үмүт кылабыз. Баткен облусунда тактала элек чек ара тилкелери бар, кырдаал абдан оор. Биз ал жакта жашап жаткан жарандарга жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасайбыз. Учурда облуска өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат", — деди Марипов.
Ал ошондой эле Суваналиев сунуш даярдап жатканын жана өкмөт жакынкы күндөрү маселени чечүүгө киришерин кошумчалады.