Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен сүйлөштү

Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президент Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров видео байланыш аркылуу балбайлык окуучу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Баарлашуу бүгүн, 16-февралда, болгон.
"Президент окуучу бала менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Экөө таанышып, баарлашты. Өлкө башчы обочолонууда болгондуктан Бекболот менен жолуга алган жок. Москвадан келгенден кийин сөзсүз жолугат", — деди маалымат катчысы Галина Байтерек.
Ал президенттин балага белек-бечкек да берип жибергенин кошумчалады.
Садыр Жапаров: жаңы Конституция кабыл алынса, үч күч бир тартипке түшөт
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Балбай айылында жашаган сегиз жаштагы окуучу соцтармак аркылуу Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, айылдын балдары жаңы эле кадимки форматка өтүп окуй башташкан, бирок имарат көгөрүп кеткендиктен кайрадан аралыктан окууга өтүшкөн. Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Бирок президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарына даярдык көрүп обочолонууда экенин, ушу тапта аралыктан иштеп жатканын айткан. Мындан улам анын иш графигинде окуучу менен жолугуу каралган эмес дешкен.