Радио

Арабаев: акимдердин укугун кеңейтүү зарыл

Улуттук илимдер академиясынын саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору Чолпонкул Арабаев аймактардагы башкаруу системасы да реформага муктаж деген пикирин билдирди.
Sputnik
Азыр акимдер эч нерсени чечпей калды. Алардын укугун күчтөндүрүп, макамын жогорулатуу зарыл. Мындай пикири менен Чолпонкул Арабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, аким, губернаторлордун укуктук деңгээли кошуна мамлекеттердин ошол кызматта турган аткаминерлери менен сүйлөшүүдө абдан чоң таасирин тийгизет.
"Акимдердин укугун улам четинен кыскартып отуруп, ошол райондогу өкмөттүн лента кескич өкүлүнө эле айланып калышты. Тескерисинче, алардын макамын жогорулатып, милдеттерди артып иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Анан эмне иш кылганын көзөмөлдөп алганга болот. Губернаторлордуку деле ушундай. Бул эки орундун бирин кыскартабы же өзгөртөбү, айтор, аймактагы башкаруу системасы да реформага муктаж болуп турат. Мына ушул маселени тактоодо мейли губернаторлук жоюлуп акимдер калсын же тескерисинче болсун, башкысы кошуна мамлекеттердин ошол макамдагы аткаминери менен теңата сүйлөшө ала турган деңгээлде болушу шарт. Бул чек ара жана башка коопсуздук, социалдык маселелерди чечүүдө абдан маанилүү", — деди Арабаев.
Ал аймактардын өнүгүүсү да системанын өзгөрүшүнөн көз каранды экендигин кошумчалады.