"Канга" боёлгон көчөдөн тарта жумушсуз калган тук-туктарга чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Вьетнамда Ай майрамы (жаңы жыл) белгиленди.

Россияда көркөмдөп муз тебүү боюнча Биринчи каналдын кубогу мелдеши өттү.

Неделя моды Burana Fashion Week 2021 в Бишкеке
Сулуулардын ажарын ачкан адеми кийимдер. Мода жумалыгынан 13 сүрөт
Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү эрип, Ришиганга дарыясындагы гидроэлектростанциянын плотинасын бузуп кетти. Кырсыктан 50 киши каза болгон. Дайынсыз болгондорду куткаруучулар издеп жатат.

Коронавирустук пандемияга байланыштуу узак тыныгуудан кийин Россия менен Беларустун ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол каттамы жанданды.

Киевде (Украина) мода жумалыгы өттү.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы үйдө газ түтүкчөсү жарылып, 14 жаштагы бала каза болду. Дагы бир өспүрүм менен 79 жаштагы улгайган аял жабыркады.

Инаугурация избранного президента Кыргызстана Садыра Жапарова
Апта ирмеми: Жапаровдун жылмаюусунан катар тизилген поезддерге чейин
Бангкоктун (Таиланд) борборунда коронавирустун айынан белгилүү "тук-тук" таксилери унаа токтоочу жайда бош турушат.

Индонезиянын Пекалонгане шаарында болгон суу ташкыны учурунда батик фабрикасы жана текстилдик боёкторду өндүрүүчү ишкана суу астында калды. Мындан улам көчөдөгү суу кандын өңү сыяктуу кызыл түскө боёлгон.

Москвада жаан-чачындын айлык нормасынын 97 пайызы жааган. Россиянын борборунда кардын калыңдыгы 34 сантиметрге жетти.