Жапаров афган согушунун ардагерлерине кайрылуу жолдоду

Бүгүн совет жоокерлери Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 32 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышып, 200дөн ашыгы курман болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоп, ардагерлердин бүгүн да мекенге кызмат кылып жатканын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров кайрылуусунда жоокерлер согушуп эле тим болбостон, Афганистанды азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объектилерди курганына да токтолгон.
"Афганчы жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат", — деп айтылган мамлекет башчынын кайрылуусунда.
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Өлкө башчы эрдиги жана каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон 66 жоокердин катарында кыргызстандык Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар экенин белгилеп кеткен.
Президент бардык Ооган согушунун ардагерлерине ден соолук, бакубат турмуш жана ийгилик каалады.
Эске салсак, бүгүн совет аскерлери Афганистандан чыгарылып, мекенине кайтканына 32 жыл толду. Ооган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык аскер катышкан. Алардын ичинен 233 адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган.