UFC: Конор Макгрегор менен Дастин Порье дагы беттешет

Эки мушкер чечүүчү үчүнчү беттешти өткөрүүгө макул. Промоушен милдеттүү түрдө бул таймашты өткөрүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактын көрүнүктүү мушкерлери Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин үчүнчү беттеши жайында өтөт. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт ESPN телеканалына маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча иш жүрүп жатат.
"Азыркы тапта тизмеде биринчиде турган Дастин Порье менен алтынчы саптагы Конор Макгрегор ортодогу өз ара атаандаштыкты аягына чейин чыгарууга макул болуп жатышат. Мындайда биз беттешти уюштурууга милдеттүүбүз. Таймашты жай айына пландап жатабыз. Иш жүрүүдө", — деди промоушендин президенти.
Россиялык мушкер "көрүнбөгөн" чыканагы менен атаандашын нокаутка кетирди. Видео
UFC атлеттеринин беттеши 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өткөн. Анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап уткан. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилди.
Бул реванштык кармаш болду. 2014-жылы өткөн биринчи беттеште ирландиялык спортчу нокаут менен уткан.